29- Январь 2011 -жылы кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Азиз Батукаевдин бир тууганы Мовсар үйүнөн апийим табылгандыгы үчүн кармалып, кылмыш иши козголгон
Баңгизаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик агенттик кылмыш чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлү Азиз Батукаевдин бир тууганы Мовсар үйүнөн апийим табылгандыгы үчүн кармалып, кылмыш иши козголгон. 
Баңгизаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 2011-жылдын 15-январында 1965-жылы туулган М.Ю., 1975-жылы туулган А.Р. аттуу жарандарды кармашкан. Аларды тинтип көрүшүп 1,6 килограмм героин, 3 медициналык шприц табышкан. 
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең камакка алынган. Алар берген маалыматтарга ылайык, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Мовсар Батукаев жашаган Токмок шаарындагы Дзержинский көчөсүнүн №10-үйү тинтүүгө алынган. Үйдүн жер төлөсүнөн 733 грамм апийим табылып, үй ээси Мовсар Батукаев камакка алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан