27- Январь 2000 -жылы
Лас-Вегаста официант Синтия Жей оюн автоматында дүйнөдөгү эң чоң утушту жеңип алган
Лас-Вегас - казино, оюн-зоок, шаан-шөкөттүн мекени. Баарынан оор жумуш - бул казино, ресторандардын жумушчуларыныкы. 12 саатка чейин созулган жумуш күнүнөн кийиин кээ бир жумушчулар коңшулаш казинолордогу оюн автоматтарына барып, стресстен арылууну адатка айландырып алышкан. Алардын катарындагы Лас-Вегастагы казинолордун биринин официанты Синтия Жей 27 долларын көтөрүп алып, оюн автоматына барган. Жарым саатка жетпей бардык акчасын уттурган Синтия Жей кеткенге камынып, акыркы жетонун салган. Мына ошол акыркы жетон Синтия Жейге бакыт алып келип, дүйнөдөгү эң чоң утушту, башкача айтканда, 34 959 458 АКШ долларын утуп алган.
Бирок, тилекке каршы, капыстан келген ал бакыт көпкө созулган эмес. 2 айдан кийин Синтия Жей автокырсыкка кабылып, шал болуп калган.