Орусиялык ырчы, актёр, композитор, пианист, продюсер жана телеалпаруучу Дмитрий Маликов Москвада чыгармачыл адамдардын үй-булөсүндө туулган. Атасы Юрий Фёдорович Маликов — музыкант, композитор, "Самоцветы" тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон. Ал эми апасы Людмила Михайловна Вьюнкова мурун бийчи болсо, 1984-жылдан баштап "Самоцветы" тобунун солисти, кийин уулу Дмитрий Маликовдун концерттик жамаатынын директору болгон.