Ырчы Аида Кулуева Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Бишкек гуманитардык университетин аяктаган. Кичинекей кезинде “Сейтек” балдар ансамблинде комуз чертип, ошол эле ансамбль менен көптөгөн чет өлкөлөргө барып келген. Аида Кулуева "Кош бол" аттуу ыр менен көпчүлүккө таанылып, кыргыз шоу дүйнөсүндө өзүнүн ордун тапканга жетишкен.