30- Январь 1974 -жылы
британиялык киноактёр Кристиан Бэйл төрөлгөн
Бэтмендин ролу аркылуу таанылган британиялык киноактёр Кристиан Бэйл Англиянын Пембрукшир графтыгында төрөлгөн. 2010-жылы АКШнын жарандыгын алган.
Актёрлук карьерасын 9 жашында жарнамалык роликте тартылуу менен баштаган Кристиан Бэйл 2010-жылы "Аскер" ("Боец") тасмасындагы ролу үчүн "Алтын Глобус", "Оскар" сыйлыктарына татыган. Ошондой эле 2013-жылы "Америкалыктарча алдамчылык" ("Афера по-американски") фильминдеги Ирвинг Розенфельддин ролу үчүн кайра эле "Алтын Глобус", "Оскар" сыйлыктарына ээ болгон.