30- Январь 2007 -жылы
америкалык жазуучу, сценарист Сидни Шелдон көз жумган
Ысымы “бестселлер” деген сөздүн синонимине айланган америкалык жазуучу, сценарист Сидни Шелдон 89 жаш курагында пневмониядан көз жумган.
Сидни Шелдондун романдары 56дан ашык тилге которулуп, 300 миллиондон ашык тираж менен 100дөн ашык өлкөгө тараган. Анын чыгармаларынын негизинде 25 тасма жарык көргөн.
Сидни Шелдон деген ысым "Гиннесстин рекорддор китебине" чыгармалары эң көп тилге которулган автор катары кирген.
Жазуучунун белгилүү чыгармалары "Эч нерсе түбөлүктүү эмес" ("Ничто не вечно"), "Акыр заман" ("Конец света"), "Сен караңгылыктар коркосуңбу?" ("Ты боишься темноты?") ж.б.