31- Январь 1981 -жылы америкалык ырчы, актёр Жастин Тимберлейк төрөлгөн
Америкалык ырчы, актёр Жастин Тимберлейк АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында туулган. 
Эс тартып калган кезинен эле Майкл Жексонду кумир тутуп, анын ырларына кызыккан. Ал эми 11 жаш курагында “Жылдыздарды издейбиз” жаш таланттар сынагына катышып, эл алдына чыгуу сапарынын алгачкы кадамын таштаган. Андан көп узабай эле ар кандай телешоуларга чакыруулар келип, жаш экенине карабай Уолт Диснейдин “Микки Маус” балдар клубунда иштеген. Бритни Спирс, Кристина Агилера, Жошуа Скотт Чавестер сыяктуу келечектеги кесиптештери жана атактуу ырчылар менен дал ушул жерден таанышкан.
“Микки Маус” клубунда эки жыл жүргөндөн кийин кайрадан өз ата-энесинин колуна кайтып келет. Бирок, ырдабай тынч жата албасын түшүнгөн Жастин Орландо шаарын көздөй бет алат. Жаңыдан эл көзүнө илине баштаган 14 жашар ырчы жигит тез эле жаңы түзүлүп жаткан топко кабыл алынат. Топтун курамына Жастин курактуу 5 бала кирип, алардын аттарынын акыркы тамгаларын кошуп топту “N SYNG” деп аташкан. Алардын эмгегинен жаралган алгачкы альбому да “N SYNG” деген аталышта чыгып, топтогу балдар тез эле эл сүйүп уккан ырчыларга айланышкан. Жастиндин ыр жазуу таланты бар экенин байкаган топтун продюсерлери 1993-жылдын аягында жазылган ырлардын көпчүлүгүн толук ишеним менен тапшырышкан. Көпчүлүк мектеп жашындагы дүйнө жылдызы Жастинди “Сулуу жигит”, “Тармал чач” деген ат менен таанышкан. Ал учурда энергияга толгон ырчы жигит мектептеги окуусунан тышкары ырдаганга жана актёрдук курстарга да катышууга жетишкен. Топтун экинчи альбому “Кышкы альбом” 1998-жылы, ал эми 2000-жылы “Шартсыз” деген аталышта чыккан үчүнчү альбому “N SYNGге” “бриллиант” статусун алууга чоң салымын кошкон. 10 миллион даанада чыккан бул альбомдун бир күндүк сатылышы 1,1 миллионго жеткен, а бул болсо дүйнөлүк рекорддордун бири экени талашсыз. Убакыттын өтүшү менен талыкпас эмгектин артынан Жастин дүйнөлүк атактуулукту багындырат. 1990-жылдардын аягында эң популярдуу ырчылардын катарына кошулуп, 2002-жылы жеке карьерасы үчүн иштөөнү чечкен.
2002-жылы өзүнүн алгачкы “Негизделген” аттуу альбомун жараткан. Бирок, бул альбомдун аталышынын дагы бир “Жастиндештирилген” деген мааниси эл арасында кенен тараган. Андагы “Көз жашка толгон дарыя” чыгармасы менен MTV музыкалык каналы уюштурган Европа ырларына сыйлык тапшыруу аземинде “Эң мыкты альбом”, “Эң мыкты аткаруучу” жана “Эң мыкты поп-ырчы” деген наамдардын ээси болуп кайткан. Ал эми 2003-жылы популярдуу жана сапаттуу видео тасмаларды аныктоо аземинде “Көз жашка толгон дарыя” ырына тартылган клиби үчүн “Эң мыкты видео тасма”, “Эң мыкты бий тасмасы” наамдарына татыктуу болгон. Ушундан кийин ырчы бир канча башка дүйнө жылдыздары менен биргеликте учурдун хит ырларына айланган чыгармаларды жарата баштаган. Андай ырлардын катарына Жанет Жексон менен болгон дуэтин кошууга болот. 2004-жылдын февраль айында Жастин америка футболунун Супер кубогуна болгон таймашта чоң жаңжалга кабылган. Мында миллиондогон футбол күйөрмандарынын алдында ырдап жатканда чоң жагымсыз абалга кабылган. Пландар боюнча “Бул ырдын аягына чейин мен сени чечиндирем” деген саптардан кийин Жастин Жанеттин кийимине жабыштырылган кандайдыр бир бөлүкчөнү алып салышы керек эле. Бирок, баары пландагандай болбой, Жастин кокустан Жанеттин ич кийимин да чечип алып, ырчы кыздын төшү түз эфирден бүт дүйнөгө көрсөтүлгөн. Мындан кийин шоу-бизнес дүйнөсүнө чоң жаңжал салган ырчыларды эл алдына чыгууга тыюу салышкан. Ушундай ыңгайсыз абалдан кийин “Грэмми” сыйлыгына ат салышуу аземине катышуу үчүн экөө тең эл алдында кечирим суроого мажбур болушкан. Конкурстун жыйынтыгында Жастин эки чоң сыйлыктын ээси болуп кайткан. 2006-жылы музыка жаатында өзүнүн экинчи жеке альбомун чыгарган.
Ал эми актёрдук карьерасына кайрылсак, кичине кезинен эле майда эпизоддордо ойной баштаган. Көзгө кө­рүнүктүү тасмаларына “Эдисон” триллери, 2006-жылы чыккан “Альфа ити” драмасы, “Түштүктөгү өрөөн” мюзиклы кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан