31- Январь 1970 -жылы
Советтик конструктор Михаил Миль көз жумган
Советтик конструктору Михаил Миль 61 жашында көз жумган.
Михаил Миль МИ тик учактарынын конструктору катары белгилүү. Окумуштуу 1945-жылы техникалык илимдердин доктору даражасына жеткен. 1958-жылы Ленин сыйлыгынын лауреаты, 1966-жылы болсо Социалисттик Эмгектин баатыры наамын алса, 1968-жылы Михаил Миль СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына арзыган.