1- Февраль 2011 -жылы Чүй облустук соту Санжар Бакиевди Жалал-Абад шаарындагы массалык баш аламандыкты уюштургандыгы үчүн 10 жылга кескен
Чүй облустук сотунда мурдагы президенттин иниси Санжар Бакиевдин үстүнөн сот иши болуп өткөн. Сот Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүп, Санжар Бакиев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алуу иши боюнча да күнөөлүү деп табылган. Жыйынтыгында айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылып, 50 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Кийин Жогорку Соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган чечимдер өзгөртүлүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган. Тергөө учурунда отурган 7 ай 6 күндүн ар бир күнү эки күнгө барабар деп эсептелинген. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата мунапыс жарыяланганы үчүн Санжар Бакиевдин абактагы мөөнөтүнүн 1 жыл 7 ай 29 күнү кыскарган. Ал эми 2013-жылы Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Санжар Бакиев 2013-жылдын 20-мартында эркиндикке чыгарын жарыялаган.

Санжар Бакиев "2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык баш аламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталган. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.

Санжар Бакиев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан