1- Февраль 1709 -жылы
Робинзон Крузонун прототиби болгон матрос Александр Селкирк адам буту баспаган Мас-а-Тьерра аралынан табылган
"Сэнк пор" кемеси 1704-жылы Түштүк Американы көздөй сапар алган. Анда 27 жаштагы Александр Селкирк атуу матрос болгон. Ачуусу чукул, өзүнүкүн бербеген Александр Селкирк ар дайым жанындагылар менен тил табыша албай, кыжыңдаша кетчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде ал кеменин капитаны менен уруша кетип, өзү капитандан кемеден түшүрүп, жакын жайгашкан аралдын жээгине чыгарып салууну өтүнгөн. Ачуусу келген капитан Александр Селкирктин кайра кечирим сураганына карабай өтүнүчүн аткарып, адам буту баспаган аралга түшүрүп салган.
Ошентип шотландиялык матрос Александр Селкирк Хуан-Фернандес архипелагына кирген Мас-а-Тьерра аттуу адам буту баспаган аралда 4 жыл 4 ай жашап, 1709-жылы табылган.
Александр Селкирк англиялык жазуучу Даниель Дефонун романындагы Робинзо Крузонун прототиби болгон.