Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Ельцин өзү туулган Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы ал кездеги ЦК КП төрагасы Михаил Горбачёвдун колдоосу астында Москвага алынып келинген. Москва шаардык компартия башчысы болуп туруп, 1987-жылы компартиянын борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган.