Советтик жана орусиялык ырчы Лев Лещенко Москвада төрөлгөн. Атасы Лещенко Валерьян Андреевич (2004-жылы көзү өтүп кеткен) офицер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Апасынан бирге чыга электе эле айрылган. Чоң ата, чоң апасынын колунда чоңоюп, 1948-жылдан кийин экинчи апасы Марина Михайловнанын (1981-жылы көз жумган) тарбиясына өткөн.
Бала кезинде чыйрак болуп, бир учурда Пионерлер үйүндөгү хорго, сууда сүзүү секциясына, көркөм сөз жана үйлөмө аспап оркестри ийримине барчу. Хормейстердин кыстоосу менен гана ырдоого олуттуу көңүл буруп, калган ийримдерди токтоткон.
Мектептен кийин СССРдин Мамлекеттик академиялык чоң театрына жумушчу катары кирип (1959-1960), армияга чакырылганга чейин так өлчөгүч приборлордун заводунда слесарь-курагыч (1960-1961) болуп иштеген. Аскердик кызматты Германияда, Советтик Армиянын танк аскер бөлүгүндө өтөгөн. Талант-жөндөмүн байкаган рота жетекчилиги аны ыр-бий ансамблине жөнөтсө, ал жердин солисти болуп, эмне берилсе - квартетте да, жеке да ырдап, концерттерди алып барып, ыр окуп, баарын аткарып, бошой калган күндөрүн театралдык институтка даярданууга жумшаган. 1964-жылы сынактан өтүп, ГИТИСтин студенти болгон.
Окуп, ошол эле учурда Москонцертте жана Москва оперетта театрында стажёрлук топто иштеп, 1969-жылы Москва оперетта театрына толук жумушка алынган. Ал жерде көп ролду ойноп, бирок ырчылыкка басым жасап, 1970-жылы атайын тандоодон өтүп, СССР Мамтелерадиосунда солист-вокалист болгон. Баарлашуу, романс, элдик, советтик ырларды, чет эл композиторлордун чыгармаларын жаздыруу, Д.Гершвиндин "Порги жана Бесс" операсында Поргинин партиясы, Г.Рождественский жетегиндеги Чоң симфония оркестри менен Р.Щедриндин "Ленин эл жүрөгүндө" ораториясын, Ю.В.Силантьевдин башкаруусундагы эстрада-симфониялык оркестр ырларды жаздыруу иштери менен алек болгон.
Лев Лещенко 1970-жылы эстрада артисттеринин Бүткүл союздук IV конкурсунун жеңүүчү-лауреаты, 1972-жылы Болгариядагы "Алтын Орфей" конкурсунун лауреаты болгон. Ошол эле жылы Сопоттогу престиждүү фестивалда "За того парня" ыры менен биринчи сыйлыкты алган. 1973-жылы ал Москва комсомолдорунун жана Ленин комсомолунун сыйлыктарына ээ болгон. Советтик эстраданын классикалык шлягер ырларынын көбүн Лев Лещенко ырдап чыккан. "Белая берёза", "Соловьиная роща", "Ни минуты покоя", "Господа офицеры" жана башка.
Таанымалдуулугун өзгөчө арттырган ырлардын катарына Жеңиш күнүнүн 30 жылдыгына жазылган В.Харитонов менен Д.Тухмановдун "День Победы" ыры кошулган. Ал эми 1977-жылы Лев Лещенкого РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти наамы берилсе, 1980-жылы ал "Эл достугу" ордени, 1983-жылы РСФСРдин Эл артисти наамына, 1989-жылы "Ардак" төш белгисине ээ болгон. 1990-жылы ал "Музыкалык агенттик" эстрада театрын түзүп, башкарып, 1992-жылы ал агенттикке мамлекеттик статус берилген. 2001-жылы ырчы баскан жолун баяндаган "Апология памяти" аталышындагы китеби жарыкка чыгып, 2002-жылы IV даражадагы "Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланган.