2- Февраль 1977 -жылы колумбиялык ырчы, бийчи Шакира Риполль туулган
Ырчы, бийчи Шакира Риполль Колумбиянын Барранкилья шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберактын улуту араб, кесиби жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шаки апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, 3 жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми 4 жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтү­нүш­көн. Жүргүзүлгөн экзамендин на­тыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакини сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштайт. Бардык жергиликтүү бий конкурстарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылып, ырдап да чыга баштаган.
Таланты ташкындаган секелек кыз 13 жашында "Sony Music" компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жө­нүндө келишим түзгөн. Ошол эле жы­лы анын “Магия” аттуу биринчи альбому жарык көргөн. Аябагандай ийгиликтүү болгон альбому жаш кызды бүткүл Колумбияга тааныткан. Шакира 14 жашында өлкөсүндөгү атактуу ыр­чыга айланган. Ошол жы­лы “Eres” деген ыры менен “Винья дель Мар” аттуу фестивалга катышып, күмүш сыйлыкка татыган. Ал эми ырчынын экинчи чыккан “Коркунуч” аттуу альбому тескерисинче жолсуз болуп калат. Ошол себептен Шакира өз каалоосу менен бул альбомдун рекламасын токтоттуруп салган. Бул анын маанайына таасир тийгизип, туулган жерин, досторун таштап, апасы менен Боготу шаарына жол тарткан. Шакира борборго келгенден кийин эң биринчи "Sony Music" офисине жана "TV GUIA" журналына барып интервью берген. Бул интервьюдан кийин Шакирага "CENPRO" каналынан “Оазис” аттуу телесериалына башкы ролду ойноого сунуш түшкөн. Ошол убакта "TV GUIA" журналы “Колумбия телевидениесинин сулуусу” деген конкурс өткөзүүгө даярдык көрүп жаткан болот. Шакира өзүн сынап көрмөккө талапкер кыздардын катарына кошулган. Конкурс үчүн атайын фотосессия болгон. Шакиранын конкурс үчүн тартылган сүрөттөрү башка өлкөлөргө да таратылган. Өзүнүн келбеттүү мүчөсү, сулуу жүзүнө ишенген ырчы бул журнал аркылуу популярдуулугун өстүрүүгө жетишкен.
Альбомдорунун ийгилигинин аркасында Шакира тез эле дүйнөлүк турнеге аттанат. Жыйынтыгында анын ыр жыйнактары миллиондогон нуска менен сатылып, ырлары жергиликтүү хит-параддарда биринчи орундарды ээ­лейт. Колумбиялык гезит-журналдар тарабынан Шакирага “Жыл айымы” жана “Жыл адамы” деген наам ыйгарылат. Анткени Шакира мынчалык алыскы өлкөлөрдү багындыра алган биринчи колумбиялык ырчы болуп табылган. Бул наамды алгандан кийин миңдеген күйөрмандары Шакиранын кийинки альбомун күтүп калышат. Бирок ырчы жаңы альбом жаратууга даяр эмес эле. Себеби ал бир аэропорттон ырлары жазылган дептерин уурдатып алат. Күйөрмандарынын кө­ңү­лүн калтыруудан корккон ырчы продюсери Эмилио Эстафен менен жаңы альбом жаратууга киришет. Көп өтпөй “Уурулар кайда?” деген альбому жарыкка чыгып, ырчыга чоң ийгиликтерди тартуулаган. 2000-жылы Шакира Америкага көчүп келген. 10 миллиондогон дисктери сатылып, миллиондогон элдин оозуна алынганы менен, Шакираны чыныгы жылдыз кылып тааныткан альбому 2001-жылы жарык көргөн. Ал “Кир жуучу жайдын тейлөөсү” (Laundry Service) аттуу альбому эле. Бул альбомдун ичиндеги 9 ыры англис, 4 ыры испан тилинде жазылган. Альбомдогу “Качандыр бир” ("Whenever, whenever") аттуу ыры өзгөчө мыкты аткарылып, ырчыны дүйнөгө тааныткан. Ырга жарашыктуу клип дагы тартылган. Бул клипте Шакира өзүнүн бийлөө талантын жакшы көрсөтө алган. Бул ыры дүйнө жүзүндөгү 1-орундагы хит болуп аталган.
Шакира 2010-жылдан баштап испаниялык футболчу Жерар Пике менен мамиле кура баштаган. 2013-жылы 22-январда уулдуу болуп, атын Милан Пике Мебарак койгон. Экинчи уулун 2015-жылы 29-январда төрөп, Саша деген ат койгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан