3- Февраль 1986 -жылы
ырчы Султан Садыралиев туулган
Ырчы Замир Арыкбаев менен биргеликте аткарган "Кудача кыз" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган Султан Садыралиев туулган.
Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө жагымдуу үнү, маңыздуу ырлары менен татыган Султан Садыралиев 2009-жылы Маданият министрлигинен “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамга ээ болуп, төш белги тагынган.
Ал эми “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2006-жылдын мыкты ырчы мырзасы” деп табылып, ырчынын "Эгиз жүрөк" аттуу ырына тартылган клип "2011-жылдын супер клипи" наамына арзыган.