5- Февраль 1985 -жылы португалиялык футболчу Криштиану Роналду төрөлгөн
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн. Апасы үй кожойкеси, ал эми атасы жергиликтүү "Андоринья" клубунун машыктыруучусу болгон.
Роналду профессионал футболдо "Спортингдин" курамында 2001-жылы дебют жасап, биринчи оюнунда гол киргизген. 2003-жылы англиялык "Манчестер Юнайтеддин" курамына кошулуп, 2004-жылы Англиянын кубогун уткан. Бул клубдун курамында 3 ирет Англия Премьер Лигасын утуп (2007, 2008, 2009), 2008-жылы 31 голу менен мелдештин башкы бомбардири аталган. 2008-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасында утуп, башкы бомбардир болгон (8 гол). 2009-жылы ал мадриддик "Реалга" 94 миллион еврого сатылып, бир футболчу үчүн төлөнгөн сумма боюнча жаңы рекорд койгон. Ошол күндөн тарта Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланган.
Мадриддик клуб менен 2012-жылы Испаниянын чемпиондугун уткан. Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” тарыхындагы мыкты бомбардир. Португалиянын курамында 123 оюнда 55 гол киргизсе, “Реалдын” курамында 328 оюнда 343 гол киргизген.
Европадагы лигалардын бомбардирлерине ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын карьерасында 4 ирет алган ("Манчестер Юнайтеддин" курамында 2008-жылы, "Реалдын" курамында 2014-жылы жана 2015-жылы).
Португалия менен чыккан эң бийик секиси - "ЕВРО-2004түн" финалы болгон.
Криштиану Роналду 2008, 2013 жана 2014-жылдары ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган.
2014-жылы Роналду Португалиянын президенти Анибал Каваку Силва тарабынан "Падыша Генрих" ордени менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан