6- Февраль 1960 -жылы орусиялык продюсер, композитор Игорь Матвиенко төрөлгөн
Орусиялык продюсер, композитор Игорь Матвиенко Москвада аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1980-жылы музыкалык училищени дирижёрлук боюнча бүтүргөн. Ошондон тартып шоу дүйнөгө аралашып, 1989-жылы ырчы Николай Расторгуев жана акын Александр Шаганов менен биргеликте “Любэ” тобун түзгөн. Ошондой эле Игорь Матвиенко көпчүлүккө белгилүү “Иванушки international”, “Корни”, “Фабрика”, "Мобильные Блондинки", "КуБа" топторунун түзүүчүсү, СССР убагында белгилүү болгон Евгений Белоусов жана Виктория Дайнеко, Ирсон Кудикова сыяктуу ырчылардын продюсери катары таанымал.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан