7- Февраль 1965 -жылы
америкалык киноактёр, куудул, сценарист, кинопродюсер, режиссёр Кристофер Рок туулган
Америкалык киноактёр, куудул, сценарист, кинопродюсер, режиссёр Кристофер Рок АКШнын Түштүк Каролина штатындагы Эндрюс шаарында туулган. Ал ар кандай клубдарда комик болуп эмгектенип жүргөн кезинде белгилүү америкалык актёр Эдди Мёрфи байкап калып, актёрлук карьерасынын башталышына чоң жардам көрсөткөн. Крис Рок "Полицейский из Беверли-Хиллз 2", "Сержант Билко", "Ниндзя из Беверли-Хиллз", "Смертельное оружие 4", "Догма" тасмаларында роль жаратып, атактуулукка жеткен.