7- Февраль 1978 -жылы
америкалык актёр, модель, алып баруучу жана продюсер Эштон Кутчер төрөлгөн
Америкалык актёр, модель, алып баруучу жана продюсер Эштон Кутчер АКШнын Айова штатындагы Сидар-Рапидс шаарында төрөлгөн.
Эштон 13 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, байкеси Майклдын жүрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасалгандыктан үй-бүлөсү материалдык кризиске учураган. Ошол кезде Эштон Айова штатындагы колледждердин биринде билим алып жүргөндүктөн, окуусуна акча табуу үчүн кечкисин жергиликтүү заводдордун биринде катардагы кызматкер болуп иштеген. Ошол күндөрдүн биринде Эштон Кутчерге модель болуу сунушу түшүп, ал эми 1998-жылдан тартып актёрлук карьерасы башталган. Актёр "70-жылдардын шоусу" ("Шоу 70-х"), "Бобби", "Куткаруучу" ("Спасатель"), "Эски Жаңы жыл" ("Старый Новый год") жана башка тасмаларда роль жараткан.