16- Май 1929 -жылы АКШда биринчи жолу “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн
Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты фильмдерге сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү "Метро-Голдвин-Мейер" киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Ал жыл сайын мыкты фильмдерди эл берген добуштардын жардамы менен тандоонун системин иштеп чыккан. Ошол эле убакта скульптор Жорж Стэнли сыйлыктын символун – “Оскар” статуэткаларын куюп баштаган. Эң алгачкы 15 “Оскар” 1929-жылдын 16-майында 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган. 
Сыйлык өз атына 1931-жылы гана ээ болгон. Америкалык кинематография маданияты жана илимдери академиясынын китепканасында иштеген (кийин аталган академиянын мүдүрү болуп дайындалган) Маргарет Херрик статуэтканы көрүп, “менин Оскар таякеме куюп койгондой окшош экен” деген. Ошондон улам сыйлык “Оскар”, эл арасында болсо “Оскар таяке” деп аталып калган. 
Түрмөктөлгөн плёнканын үстүндө турган шер жоокердин колунда узун кылыч бар. “Оскардын” бою 34 сантиметр, салмагы 3,8 килограмм. Дайыма алтын жана күмүштөн куюлган “Оскарды” Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда гана баалуу металлдын жетишпегенинен улам колодон куюуга туура келген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан