8- Февраль 1928 -жылы
советтик актёр Вячеслав Тихонов туулган
Легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан Вячеслав Тихонов Москвада туулган.
Анын балалыгы Дүйнөлүк экинчи согуш маалына туш келген. Ошол кезде Слава болгону 13тө экенине карабай атасына жардам берип, бир заводдо чогуу иштеген. Бош убактысында достору менен кинотеатрга барып кино көрүүнү өзгөчө жактырган. Чапаев менен Александр Невский сүйүктүү каармандары болгон. Ата-энеси баласын болочокто мыкты инженер болсо деп самаса, кичинекей Слава жүрөгүнүн түпкүрүндө актёр болууну кыялданган. Бирок буга ата-энеси каршы болорун билип, бул туурасында эч кимге айткан эмес. 1945-жылы жашыруун түрдө С.А.Герасимов атындагы Кинематография университетине тапшырат. Тилекке каршы, Слава сынактан өтпөй калат. Тышка чыгып өксүп ыйлап жатканда бир профессор анын үнүн угуп, таланты бар бала экенин дароо эле байкайт. Ошентип сынакка кирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берип, келечегине жол ачкан.
Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. Студент кезинде алгач “Жаш гвардия” аттуу тасмага тартылган. Бирок бул тасма ийгилик жарата алган эмес. Табият тартуулаган келбет анын кино дүйнөсүндө мыкты актёр болуусуна чоң өбөлгө болгон. Келбеттүү келишимине суктанган режиссёрлор ага башкы каармандын ролун дайыма сунушташкан.
“Жаздын 17-ирмеми” аттуу сериал болочок актёр үчүн атактуулук менен бирге ийгиликтин туу чокусун алып келген. Ошол кезде сериалды бир гана Тихонов үчүн көргөн айымдардын саны чексиз эле. Аталган сериалда Тихонов чалгынчы Исаев-Штирлицтин ролун жеткиликтүү ойной алгандыгы үчүн СССРдин Эл артисти деген сыйлыкка ээ болгон. Жакындары жана жоро-жолдоштору үчүн Вячеслав ысымы өчүп, Штирлиц деген жаңы атка конгон.
Улуу актёр Вячеслав Тихонов 2009-жылы 4-декабрда 81 жаш курагында каза болгон.