Орто азиялык түрк акыны жана ойчулу Алишер Навои (чын аты-жөнү Низамаддин Мир) Герат шаарында туулган. Атасы Гыйаседдин Кичине Хоросанга жакын жайгашкан Сабзавор шаарынын башкаруучусу Абылкасым Бабурдун сарайында кызмат кылган. Айрыкча Алишердин апасы сарайдагы султандарга сүт энелик кылып, балдарды багышканга жардам берген. Бул жагдай Алишердин сарайда султандар менен бирге чоңоюшуна шарт түзгөн. Сарайда балдар жаш кезинен фарс тилин үйрөнүшүп, фарсча чыгармаларды окуп тарбияланышкан. Алишер да алар менен кошо өтө жаш кезинде фарсча окуп-жазганды үйрөнгөн. 1469-жылга чейин ар түрдүү кызматтарды аркалаган Алишер ордодо катчы болуп иштей баштаган. Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Бир топ мечит, медресе, көпүрө жана ооруканаларды салдырган, калктан жок жерден салык жыйнаган өкүлдөргө каршы чыгып, калктын сөзүн сүйлөгөн. 1498-жылы мамлекеттик кызматтан кеткен. Кээ бир маалыматтар боюнча 1501-жылдын 12-январында 59 жашында дүйнөдөн кайткан деп айтылса, көпчүлүгүндө 3-январда көз жумган деп жазылган.