11- Февраль 2011 -жылы Египеттин президенти Хосни Мубарак кызматынан кеткен
Египетти 1982-жылдан бери башкарып келген Хосни Мубарак үч жумага созулган массалык каршы чыгуулардан соң бийликтен кеткен.
Египеттин Жогорку административдик сотунун чечими менен Хосни Мубарак башкарып келген Улуттук-демократиялык партия таратылган. Алардын штаб-квартирасы турган имараттан баштап бардык мүлкү мамлекет карамагына өткөрүлгөн. Мындай чечимин өлкөдөгү сот "Мубарактын режими кулатылса да, анын негизги куралы болгон партиянын иштегени – акылга сыйбаган иш" деген жүйөгө такаган. Египет мыйзамдарына ылайык, Жогорку административдик соттун чечимдеринин үстүнөн арыздануу укугу каралган эмес. Ошондуктан акыркы чечим катары саналган. Партия көпчүлүк тарапкерлеринен айрылып, жетекчилик кызматтагылар камакка алынышкан. Алардын көпчүлүгү “паракорчулукка байланыштыгы бар” деп күнөөлөнүшкөн. Ал эми Мубарактын өзүнө адам укуктарын бузгандыгы, кызмат абалынан пайдаланып, өлкөдөгү коррупциянын өнүгүшүнө жол бергени жана “Тахрир” аянтындагы демонстранттардын өлүмү үчүн кылмыш иши козголгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан