11- Февраль 1847 -жылы америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон туулган
Америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон АКШнын Огайо штатында туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Ошондой эле Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген.
Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген.
Томас Эдисон 1931-жылы 18-октябрда АКШнын Нью-Жерси штатында дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан