12- Февраль 1809 -жылы АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн туулган
Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти жана республикалык партияны негиздөөчүлөрдүн бири - Авраам Линкольн Кентукки штатынын Гардинг округунда жашаган Томас жана Ненси Хэнкс Линкольндордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өз энеси эрте эле дүйнөдөн кайтып, өгөй энесинин колунда тарбияланган. Авраамга энеси китептерди көп окуткан, ошондон улам кийин Авраам замандаштарын көп китептерди окугандыгы жана керектүү учурда цитаталарды орундуу жана так келтирүүсү менен таң калтырган. Бала кезинде Авраам "темир уста болсом" деп тилек кылып, бирок анын мындай кыялы ишке ашкан эмес. Кийин ал токойдо карагай кыюучу, почточу, жер ченегич болуп иштеген. Бир жолу ал Миссисипи дарыясы боюнча түштүккө сапар тартып, ал жердеги кул базарда кара күчүн саткан адамдарды, жан багыш үчүн ач курсак менен акчанын кулу болгондорду, адамдык укук тебеленип, теңсиздиктин күч алганын көргөн. Ошондон тартып өмүр бою кулчулукту жоюуга, адамдардын көз карандысыздыгын камсыз кылып, теңсиздикти жок кылууга бүт күчүн жумшагысы келген. Ошондон улам ал юрист болуп, Иллинойс штатынын адвокаттар коллегиясынын мүчөлүгүнө кирет. Ушундан тартып Линкольндун чоң саясатка жолу башталган. Ошентип, Кентукки штатындагы карапайым эле фермерлердин уулу, бир кездеги токойдо жумушчу, жер ченегич жана башка кара жумуштарда иштеп жүргөн Линкольн укмуштуудай зор бийиктиктерди багындырууга даяр болгон. Америкалыктар аны "man who made him himself" - "өзүн-өзү жасаган адам" - деп аташкан.
1854-жылга чейин Линкольн Американын саясий аренасында көрүнүктүү орунду ээлеген "Вигдер" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Бирок, кийин кулчулукка каршы чыккандыгы үчүн Түштүктүн колдоосунан айрылып, партия таркап кеткен. Анын ордун республикалык партия ээлеп, 1860-жылы Линкольнду президенттикке талапкер катары көрсөтөт. Шайлоодо жеңип чыгып, 1861-жылы Линкольн өлкө башчы болуп шайланат да ошондон тартып АКШнын тарыхындагы эң маанилүү окуя башталган.
"Чынчыл Эйб" (Линкольндун элдин арасындагы аты) президент болоор замат анын кулчулукту жоюуга кылган иш-аракеттеринен улам түштүк штаттар өзүнчө бөлүнө башташкан. Линкольн коомдук ажырымга жол бербей, улуттун бир эл болуп сакталып калышына бүт күчүн жумшаган. Авраам Линкольндун тарых алдындагы эң башкы жетишкендиги - бул салгылашууну утуп, Америка элинин биримдигин сактап калганында! Ошондон кийин ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон. Мындай ийгиликтерден кийин Линкольн экинчи президенттик мөөнөткө шайланган. Бирок, анысы абдан тез аяктап, 1865-жылдын 14-апрелинде театрдын ичинде Жон Уилкс Бут аттуу актёрдун колунан ок жеп, ошол түнү дүйнөдөн кайткан.
Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан