
Орусиялык муз үстүндөгү бийчи Роман Костомаров Москвада жөнөкөй үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Анын атасы электрик, апасы ашпозчу болгон. Роман бала кезинен спортчу болууну самап, энеси аны гимнастикага алып барган. Бирок жаш курагынын өтүп кеткенинен албай коюшкан. Анда Рома 9 жашта болгон. Сууда сүзүү боюнча секцияга алып барганда ал жактагылар да эмнегедир албай коюшат. Ошол күндөрдө апасы “АЗЛК” муз сарайында дарыгер болуп иштеген таанышын эстейт. Ошентип Рома апасынын таанышы аркылуу муз үстүндө бийлөөчү театрга кирип калган.
Спорттун кайсы гана түрү болбосун машыгууну дегдеген кичинекей Рома муз үстүндөгү бийди тез эле өздөштүргөн. Эки жыл өткөн соң таланттуу, шыктуу бийчини адис Лидия Караваева байкап, тарбиялоо милдетин моюнуна алат. Ошондо машыктыруучусуна "муну түгөй менен бийлетсе болот" деген идея келип, кызы Катя Давыдованы шерик кылып кошкон. Экөөнүн эмгегинин жыйынтыгы катары 1996-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы жеңишин айтууга болот.
Машыктыруучу Наталья Линичуктун сунушу боюнча олимпиадалык циклге келишим түзүп, АКШга кетет. Ошол жерден Костомаров Навка менен шерик болуп, чогуу бийлеп баштаган. Роман Татьяна менен 1 жыл чогуу иштеген соң ортодо машыктыруучусу Линичук муз үстүндөгү бийчиси Анна Семенович менен шерик кылып коёт. 1999-2000-жылдары Роман менен Анна Орусиянын чемпионатында күмүш медалдын ээси болушат. Бирок 1 жыл ичинде шериктердин ортосунда бири-бирин түшүнбөстүктөр болуп, ортодогу келишпестиктерден улам тарап кетишет. Роман кайра эле Татьянага барып, экөө чогуу иштеше башташат. Бул ирет экөөнүн машыктыруучусу Александр Жулин болот.
2002-жылдан баштап Александр Жулин Татьяна Навка менен Роман Костомаровду машыктырып, жыйынтыгында алар 2006-жылы Туринде өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алышкан.
Роман Костомаров - эки жолку Дүйнөнүн чемпиону, үч жолку Европанын чемпиону, үч жолку Орусиянын чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери.