14- Февраль 1483 -жылы Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммед Бабур туулган
Айтылуу эмир Тимурдун урпагы, Улуу Могол мамлекетинин түптөөчүсү Захириддин Мухаммад Бабур туулган. Башында ал Фергана өрөөнүн башкарып кийин Кабулду басып алып, 1526-1527-жылдары Бабурдун аскердик кубаты Түндүк Индияга чейин саясий таасирин таратып, Улуу Могол мамлекетин курган. 
Захириддин Бабур тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана таанымал акын катары аты калган. Ал илим, искусство жана адабиятка камкордук көрсөтүп, болгону 47 жаш кыска өмүрүндө өрнөктүү адабий жана илимий мурас калтырганга үлгүргөн. 
Анын калеминен жаралган айтылуу "Бабур-намэ" кол жазмасы тарыхый даректик жактан жана учкул лирикасы менен айырмаланган чыгарма катары дүйнөлүк маданият казынасынан татыктуу орун алган. Захириддин Бабур ай ааламды буй кылган аскер башчы катары чыгармасында согуштук өнөр туурасында таасын өрнөктөрдү мисал келтирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан