14- Февраль 1994 -жылы Советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило өлтүрүлгөн
Белгилүү Советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило өлтүрүлгөн. 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген (өзү 56 адам өлтүргөнүн моюнуна алган, оперативдик маалыматтар боюнча 65тен ашык өлтүрүүлөр болгон). Чикатилонун ордуна жаңылыштык менен Александр Кравченко атылган (ал дагы киши өлтүргүч). Андрей Чикатило "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", " Советтик Джек-Ич жаргыч" деген аттарга конгон. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында апасы анын улуу байкеси Степанды "уурдап, жеп кетишкен" деп айтып коркуткандыктан, ал үйдөн чыкчу эмес. Бирок Степандын төрөлгөнү жана өлгөндүгү тууралуу эч кандай документ табылган эмес. 1954-жылы мектепти аяктап, МГУга тапшырып өтпөй калат. Ал өзүнүн атасы "мекен саткыны" болгондуктан окууга өткөрбөй коюшту деп ойлойт. Кийинчерээк ал техникумга тапшырып, армиядан кызмат өтүп, жумушка орношуп, үй-бүлөлүү болот. Эң биринчи курмандыгы 9 жаштагы Елена Закотнованы 1978-жылы 22-декабрда өлтүргөн. Еленаны зоордуктап, муунтуп, үч жолу ичине бычак менен сайып өлтүргөн. Кийин белгилүү болгондой Чикатило Еленаны өзүнүн (үй-бүлөсүнө билгизбей сатып алган батирине) үйүнө "сагыз берем" деп алдап киргизген. Тергөө маалында өзүнүн айтканы боюнча ал жөн эле "тентектик кылып" коюну көздөгөн, бирок ал кызды чечиндире баштаганда, кыз ыйлап, кыйкырып баштаган. Чикатило кызды кошуналары угуп калат деген ойдо аны муунта баштаган. Муунтуп жатканда кыздын чыгарган үндөрүнөн ал ырахат алып, зоордуктап салган. 
Бир жыл өткөн соң ал 17 жаштагы кызды өлтүрүп, андан кийин сериялуу өлтүрүүлөрдү баштаган.
Акыркы курмандыгы 22 жаштагы Светлана Коростик болгон. 1990-жылы 20-ноябрда Чикатилону кармашкан. 14-ноябрда сот аны өлүм жазасына тарткан. Өлүм жазасын ала электе Борис Ельцинге кылмыш жазасынан куткарууну суранып кат жазган. Суранычы четке кагылып, 14-февралда Чикатило өлүм жазасына тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан