18- Февраль 1977 -жылы Мушкер Алмазбек Раимкулов туулган
Бокс боюнча профессионалдар арасында Түндүк Американын чемпиону, Кид Даймонд лакап аты менен таанымал мушкер Алмазбек Раимкулов туулган.
Алмазбек Раимкулов он төрт жашынан тартып Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. Он беш жашында спорт чеберине талапкер болсо, он тогуз жашында Кыргыз Республикасынын спорт чебери болгон. Андан кийин 23 жашында эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада төртүнчү орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон. Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, Кыргыздын желегин желбиреткен. Кыргыздын он жолку чемпиону. 2001-жылдан тартып профессионалдуу бокска аралашып, АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап, спорт менен машыгып келген. 2005-жылы үч жолку дүйнөнүн чемпиону, Атланта олимпиадасынан алтын байгени уткан кубалык Хоел Касамайор менен дүйнөлүк чемпиондук таймашка чыккан. Бирок бул таймашта жеңиш Алмаз тарапта болсо да калыстар тобу эки мушкерге бирдей баа беришкен. Себеби, таймаш болордо Алмазбек Раимкуловго АКШ желеги менен чыгуу сунушталган эле. Андан Алмазбек баш тарткан. 
Алмазбек Раимкулов 2006-жылдын сентябрь айында Түндүк Американын НАБФ версиясындагы чемпиондукту жеңип алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан