16- Февраль 1923 -жылы Говард Картер фараон Тутанхамондун күмбөзүн ачкан
Тутанхамондун күмбөзүн табууну көздөгөндөр максатына жетпегендиктен кызыкчылыгын жоготуп коюшкан. Бирок 1922-жылы 4-ноябрда англиялык археолог, египтолог Говард Картер кумга көмүлгөн күмбөзгө кирчү эшикти тапкан. Күмбөзгө кол тийбегени куруучулар эшикти кумга көмүп салышканынан болгон. 1922-жылы 26-ноябрда Картер Тутанхамондун күмбөзүнө биринчи болуп түшкөн. 1923-жылы 16-ноябрда көптөгөн археологиялык казуулардан кийин гана Тутанхамондун саркофагы коюлган бөлмөгө киришкен. Күмбөз 3 миң жыл бою жабык болуп, уурулар киришкен эмес. Күмбөздүн ичиндеги бардык нерселер Каирдин музейинде сакталып келет. Күмбөздөн табылган эң белгилүү экспонаты бул алтындан жасалган салмагы 11,26 килограммды түзгөн Тутанхамондун өлгөндөн кийинки беткабы болгон. Бул окуя ХХ кылымдын эң ири ачылышы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан