Ташкентте жардыруулар болуп, 16 адам каза болгон. Шаар ичинде бардыгы 6 жардыруучу зат кыска мөөнөттө жарылган. Жарылган имараттар өкмөткө караштуулар болгон. Алардын ичинде Министрлер Кабинетинин имараты да болгон. Ал имаратта дал ошол күнү өлкөнүн президентинин катышуусу менен отурум өтмөк.