Германиялык табият таануучу жана философ, “экология”, "филогенез", "питекантроп" терминдеринин автору Эрнст Геккель туулган. Берлин, Вюрцбургск жана Вена университеттеринде медицина жана табият илимдерин окуган. 1958-жылы экзамен тапшырып, врачтын дипломун алган, бирок кийин эч качан бул тармакта иштеген эмес. Аны жаратылышты изилдөө, зоология жана микроскопиялык анатомия кызыктырган.