16- Февраль 1834 -жылы германиялык табият таануучу Эрнст Геккель туулган
Германиялык табият таануучу жана философ, “экология”, "филогенез", "питекантроп" терминдеринин автору Эрнст Геккель туулган. Берлин, Вюрцбургск жана Вена университеттеринде медицина жана табият илимдерин окуган. 1958-жылы экзамен тапшырып, врачтын дипломун алган, бирок кийин эч качан бул тармакта иштеген эмес. Аны жаратылышты изилдөө, зоология жана микроскопиялык анатомия кызыктырган.
Дарвиндин идеялары ага чоң таасир берген. 1866-жылы "Организмдердин жалпы морфологиясы" аттуу китеби чыккан. 1874-жылы "Адамдын өнүгүшүнүн тарыхы" аттуу китебинде адамдын эволюциясынын көйгөйлөрү тууралуу жазылган.
Геккель биринчи болуп жаныбарлар падышалыгынын генеалогиялык багын түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан