17- Февраль 1963 -жылы америкалык баскетболчу Майкл Жордан туулган
Атактуу америкалык баскетболчу Майкл Жордан Бруклинде туулган. УБАда (Улуттук баскетбол ассоциация) чабуулчу-коргоочу позициясында ойногон. 1980-1990-жылдары Жордан УБА баскетболунун жайылышына чоң салымын кошкон.
1982-1984-жылдары Түндүк Каролина университетинин командасында ойноп, Улуттук студенттер спортунун ассоциациясынын чемпиону болгон. 1984-жылы "Чикаго Буллз" командасына кошулган. Укмуштуудай секириктери үчүн аны "Air Jordan" деп аташкан. 1991-жылы "Буллз" командасы менен УБАда өзүнүн алгачкы чемпиондугун утуп, 1992-1993-жылдары ийгилигин кайталаган.
1993-1994-жылдары ал баскетболдон кетип, бейсболдон карьера жасоого аракеттенген, бирок 1995-жылы командага кайтып, уткан матчтардын саны менен УБАнын жаңы рекордун койгон. 1999-жылы экинчи ирет карьерасын таштап, 2001-жылы кайрадан "Вашингтон Уизардс" командасынын оюнчусу катары кайткан.
Бүгүнкү күндө Майкл УБА клубуна ээ болгон ассоциациянын биринчи оюнчусу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан