Сахара чөлүндө кар жааган. Аба ырайынын мындай өзгөрүшү бул жерде дээрлик катталган эмес. Жамгыр аралаш кардын жаашы Алжирдеги автоунаалардын жүрүүсүн токтоткон. Окумуштуулар бул көрүнүшкө бир тараптуу жооп табышкан эмес. Бирок алар Жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүп турушу демейдеги көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Алсак, палеолит мезгилинде (б.з.ч. 10 миң жыл мурун) чөлдүн орду нымдуу аймак болгону аныкталган. Дарыялар агып, жаныбарлар байырлаган жана адамдар күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келишкен.