18- Февраль 1965 -жылы америкалык рэп ырчы жана продюсер Андре Ромелль Янг туулган
Доктор Дре аты менен таанымал америкалык рэп ырчы жана продюсер Андре Ромелль Янг туулган. Ал 1980-жылдарда Лос-Анжелесте пайда болгон рэп музыканын джи-фанка стилинин негиздөөчү атасы жана дүйнөгө белгилүү рэперлерге (Snoop Dogg, Eminem, 50 Cent, Xzibit, 2Pac, The Game и Busta Rhymes) продюсерлик кылган. Ал чыгармачылык жолун World Class Wreckin’ Cru тобунда ырдап баштаган. Чет өлкөлөрдө 1980-90-жылдары N.W.A тобу аркылуу таанылган. Топ таркаган соң өз алдынча кетип, 1992-жылы алгачкы The Chronic аталыштагы альбомун чыгарган. Альбом жарык көрөрү менен бестселлерге айланып, авторго "Грэмми" сыйлыгын алып келген. Учурда Доктор Дре ырчыларга продюсерлик кылуу менен бирге дуэт жаздырып, тасмага да тартылып келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан