9- Март 1965 -жылы саясий ишмер Адахан Мадумаров төрөлгөн
Саясий ишмер Адахан Мадумаров Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты. Ал 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 2007-2008-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы, 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылы 30-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. 2010 жана 2015-жылдары партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, бирок мандат алган эмес. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан