10- Декабрь 1953 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова туулган
"Кыз бурак" тобунун көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган.
Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. Ыр жазып, обон чыгара баштаган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болгон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн. Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөн соң Оштогу педучилищеге мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драмтеатрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамблге “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан