4- Январь 1975 -жылы
ырчы Эльмира Кайып кызы туулган
Ырчы Эльмира Кайып кызы Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Ш.Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган.