9- Март 1976 -жылы ырчы Тынай Алыбаев төрөлгөн
Кезинде "Сары-Ой", "Туулган күнүң менен, периштем!", "Арманым" деген ырлары менен популярдуу болгон "Инсан" тобунун солисти, кийин жеке ырчы катары белгилүү болгон Тынай Алыбаев Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында төрөлгөн. Апасы – мугалим, атасы – зоотехник. Ырчы 6 жашында гитарада ойногонду үйрөнгөн. 9-классты бүтүп, шаардагы училищелердин биринде ашпозчулукка окуган. Училищени аяктагандан кийин музыкалык билим алыш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ал жактан "Таазим" тобуна кирип, ал менен 1994-жылы Чубак Сатаевди эскерүү кечесинде сахнага чыккан. 1995-жылы топтун түзүүчүсү Марат Алыбаев каза болуп, топ жоюлуп кеткен. "Таазимден" кийин бир топ жыл өзүнчө ырдап жүрүп, 1998-жылы Эркин Мээрканов менен жолугуп, ал "Инсан" тобуна келүүсүн сунуштаган. "Инсан" тобу 1990-жылы түзүлүп, баштапкы курамында Эркин Мээрканов, Эмил Турусов, Аян Мамбеталиев, Нурлан Бейшекеев деген музыканттар болгон. Көп өтпөй топко кошулуп, бир нече хит ырларды аткарганга үлгүрүшкөн. 2000-жылдардан кийин "Инсан" тобу чыгармачылыкта бир топ жыл тыныгуу жасап, кийин Тынай Алыбаев жеке ырчы катары эл алдына чыга баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан