12- Январь 1968 -жылы
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева төрөлгөн
Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. ТЮЗда (театр юных зрителей) Т.Асанакунов уюштурган эстрадалык топко келип кирген. "Роза гүлү" аттуу ырынан тартып анын эстрада ырчысы катары сапары башталган. "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.
Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.