26- Май 1969 -жылы Орусиялык ырчы Анжелика Варум төрөлгөн
Орусиялык ырчы Анжелика Варум Украинанын Львов шаарында төрөлгөн. Атасы Юрий Игнатьевич Варум композитор болсо, апасы - Галина Михайловна Шаповалова режиссёр болгон. Анжелика Варум 5 жашынан фортепианодо ойносо, мектепте окуган кезинде гитара черткен. Жогорку класстарда окуп жүргөндө мектептин театры менен гастролдорго чыга баштаган. Ырчылык карьерасы 1990-жылы баштап, алгачкы "Good Bye, мой мальчик" аттуу альбомун 1991-жылы чыгарган, андан бери 13 альбом чыгарганга жетишкен. 2011-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Орусиянын улуттук "Овация" сыйлыгынын 3 жолку ээси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан