21- Февраль 1979 -жылы
америкалык актриса жана ырчы Женнифер Лав Хьюитт төрөлгөн
Америкалык актриса жана ырчы Женнифер Лав Хьюитт АКШнын Техас штатындагы Уэйко шаарында төрөлгөн. Карьерасын 1992-жылы "Манчи" тасмасында баштаган. Актрисага атактуулукту "Нас пятеро" (1995-1999) сериалындагы Сара Ривздин, "Я знаю, что вы сделали прошлым летом" тасмасындагы Жулия Жеймстин, "Говорящая с призраками" сериалындагы Мелинда Гордондун ролдору алып келген. 2005-жылы Хьюитт шотландиялык актёр Росс Макколл менен сүйүү мамилесин курган. 2007-жылы баш кошууну чечишкени менен, бир жылдан кийин экөө эки башка жолго түшкөн. 2013-жылы 21-ноябрда Брайан Хэллисейге турмушка чыккан. Учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялашат.