XVII кылымдын эң олуттуу философу голландиялык Бенедикт Спиноза Гаага шаарында каза болгон.
Ал Амстердамда, испан инквизициясынан кутулуп качып келген еврейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ортодоксаль еврей катарында тарбияланып, еврей дин кызматкерлерин даярдаган еврей диний окуу жайында билим алган. Бирок соода ишин жүргүзүп, атасына жардам берүү үчүн окууну таштоого туура келет. Соода аны таптакыр кызыктырбагандыктан, атасы өлгөндөн кийин бир аз убактан соң Спиноза өзүн баарынан көп кызыктырган илимий жана философиялык ишмерликке өтөт. Анын досторунун жана тааныштарынын ичинде нидерландылык республикачылар жана "Коллегианттар" деп аталгандардын протестант сектасынын мүчөлөрү болгон.
Ошол эле убакта Спиноза амстердамдык еврей жамаатынын мүчөсү болуп кала берген, бирок жамааттын жетекчилери ага ыраазы болушкан эмес. Бир нече эскертүүдөн кийин аны еретик катарында динден четтетишет (1656), бул өтө катуу жаза болгон, анткени мындай учурда еврей жамааттан кууп жиберилген. Спиноза Амстердамды таштап, кыштак жеринде көз айнектин линзасын жылмалап эмгек акы таап жашап, жанын багып турат. Бул эмгекке жакшы акы төлөнүп, ага тынч илимий иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берген. Спинозанын башкы көңүлү философиялык маселелерди иликтеп-үйрөнүүгө жана иштеп чыгууга багытталган. Ал ошондой эле математика маселелерине да кызыккан.
1660-жылы Спиноза Гаагага көчүп келет да, ал жерде өзүнүн башкы эмгектерин жазат. Алар: "Кудай, адам жана анын бактысы жөнүндө", "Акыл эсти өркүндөтүү жөнүндө трактат" (бүткөн эмес), "Диний-саясий трактат" (1670), "Этика" (1675, өлгөндөн кийин басылып чыккан), "Саясий трактат" (бул да өлгөндөн кийин басылып чыккан).
Спиноза XVII кылымдын эң ири философу Декартка окшоп, философияны чындык негизде түзүүгө умтулган. Чындыкты жана ишеничтүү далилдүүлүктү, ошол кезде эсептелгендей математика берген, ошондуктан Спиноза геометрияны, анын аксиомаларын өзүнүн философиялык системасын негиздөө үчүн форма катарында кабыл алат. Өзүнүн "Этика" деген башкы эмгегин ал геометрия менен баяндап жазган.