22- Февраль 1828 -жылы Орусия менен Персия Туркманчай тынчтык келишимине кол койгон
Орусия менен Персия Туркманчай тынчтык келишимине кол койгон. Түркманчай тынчтык келишимине ылайык, Орусияга Кавказ боюндагы стратегиялык маанилүү аймактар, анын ичинде Эриван жана Нахичевань хандыктары кошулуп, Персия Орусияга согуш контрибуциясын төлөөгө жана орус кемелеринин Каспийде эркин сүзүшүнө макулдугун берген. Түркманчай тынчтык келишими Ирандын мамлекеттик сезимине доо кетирген жарашуу деп эсептелинет. Келишимден кийин басмырланган ирандыктар акыры ачуусун Орусиянын Персиядагы элчиси, жазуучу Александр Сергеевич Грибоедовдон чыгарышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан