АКШнын тунгуч президенти Жорж Вашингтон Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимди үйдөн алган соң өзүнчө окуп билим алганга аракет кылган. Келечекте кул ээлөөчү боло турган болсо да кулчулукка каршы болгон.
1749-жылдан баштап Маунт-Вернондо чоң поместье менен 18 кулга ээ болгон. Майор наамында виргиниялык төрт элдик кошуундун биринде командир болгон.
Полковник наамын алган Жорж Вашингтонго 1756-жылы 7 жылдык согушта өзүнүн элдик кошууну менен колониянын батыш чек арасын сактоого тапшырма берилген. 1759-жылы отставкага кеткен.
Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, колониалдык бийликтин иштерин сындаган.
1774-1775-жылдары Континенталдык конгрессте Виргиниянын төрагаларынын бири болгон. Колониялар Британдык метрополия менен бир чечимге келишпестигин билип, аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен Континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган. Жорж Вашингтондун АКШдан британиялык аскерлерди чыгарууга салымы чоң болгон. Конгресс ага диктатордук ыйгарым укуктарды да берген, бирок ал андан баш тарткан. Ал бардык байлыгын Континенталдык армияга жумшап, кызмат кылган жылдарына төлөнүүчү маянадан да баш тарткан.
Вашингтон эл арасында белгилүү болуп, согуш учурунда эрдигин, жогорку моралдык сапаттарын, туруктуулугун көрсөтө алган.
1783-жылы ноябрда Париждеги тынчтык келишиминен кийин Вашингтон отставкага кеткен.
1787-жылы Вашингтон Конституциондук конвенттин төрагасы болуп шайланган. Анын аракеттери менен Виргиния 1787-жылкы Конституцияны бекиткен.
1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн авторитети жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1792-жылы кайрадан 4 жылга президенттикке шайланган.
Ал эми 1799-жылы 14-декабрда Жорж Вашингтон 67 жаш курагында каза болгон.