27- Февраль 2007 -жылы
Жогорку Кеңештин имаратынын тушунда Сабыржан Сабиров өзүн-өзү өрттөп жиберген
Сабыржан Сабировдун уулдары Абубакры жана Ибрагим Сабировдорго кылмыш иши козголуп, 2007-жылдын 24-апрелинде Ленин райондук соту чечим чыгарган. Ага ылайык, Абубакры Сабировго кылмыш кодексинин 104,156-беренелери боюнча "адам өмүрүнө кол салды" деген айып тагылып, ал 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми кичүүсү Ибрагим Сабиров 7 жылга кесилген. Бирок кодекстин 63-беренесинде каралган мунапыска ылайык, алардын мөөнөтү шарттуу болсун деп өзгөртүлгөн. Жыйынтыгында соттун чечими менен Сабировдор шартуу түрдө 3 жылга кесилген.
Тергөөнүн жүрүшү жана соттун чечими акыйкат болгон жок деп, айыпталуучулардын атасы, 51 жаштагы Сабыржан Сабиров эски аянтта, Жогорку Кеңештин имаратынын тушунда “Бийликке ишенбейм!” деп кыйкырган соң өзүн-өзү өрттөп жиберген. Эки күн өтпөй, 1-мартта Сабыржан Сабиров көз жумган.