27- Февраль 1956 -жылы Советтик жана эстониялык ырчы Анне Вески туулган
Советтик жана эстониялык ырчы Анне Вески Эстониянын Рапла шаарында туулган. Туулуп-өскөн шаарынан музыкалык мектепти аяктап, андан соң Таллиндеги политехникалык институтка тапшырган. Окуусун аяктагандан кийин заводдо иштеп, ошол эле учурда филармониянын алдындагы эстрадалык студияга жумушка кирген. Ал жактан "Мобиле" ансамблинде ырдай баштаган. Ырчынын эң алгачкы ыры "Королева розового сада" деп аталган. Кийин "Позади крутой поворот", "Возьми меня с собой", "Радоваться жизни", "Милый, горячо любимый", "Межсезонье", "Продлись, счастье", "Ангелы здесь больше не живут", "А он мне нравится", "Листья желтые над городом кружатся", "Самба с Марадоной", "Праздник снегопада", "Прости за любовь" ж.б. ырларды аткарып, бүтүндөй совет элинин сүймөнчүгүнө айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан