27- Февраль 1957 -жылы
советтик жана орусиялык актриса Татьяна Догилева төрөлгөн
Советтик жана орусиялык актриса Татьяна Догилева Москвада төрөлгөн. Ал 14 жашында Борбордук телевидениенин алдында уюшулган актёрдук студияга кабыл алынып, 1974-жылы ГИТИСке тапшырган. Аны 1978-жылы аяктап, ошол эле жылы Москвадагы "Лениндик комсомол" атындагы театрга кирген. Ал эми 1985-жылдан тартып Москвадагы М.Н.Ермолов атындагы драма театрына кирип, 2012-жылга чейин иштеген. 1998-жылы Татьяна Догилева өзүн режиссёр катары сынап, "Лунный свет, медовый месяц" спектаклин койгон. Ал 2000-жылы Орусиянын Эл артисти наамына ээ болгон.