Америкалык физик, атом бомбасынын түзүүчүлөрүнүн бири Оуэн Чемберлен АКШнын Калифорния штатындагы Беркли шаарында 85 жашында кайтыш болгон. Ал 1959-жылы америкалык физик Эмилио Сегре менен биргеликте антипротонду ачкандыгы үчүн "Нобель" сыйлыгына арзыган.