10- Май 2006 -жылы
Кримавторитет Рысбек Акматбаев атып өлтүрүлгөн
Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте кримавторитет Рысбек Акматбаев атып өлтүрүлгөн. Рыспек Акматбаев мечиттен чыгып келатканда аны көздөй белгисиз бирөөлөр ок жаадырган. Акматбаев ошол жерден кайтыш болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылган. ИИМ атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылганын маалымдаган. Бирок Рысбек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү иштери окуя болгон күнү ишке ашырылган эмес. Рысбек Акматбаевдин сөөгүн дароо туулган айылына алып кетишкени белгилүү болгон.